Анын кесепетинен Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын, Ат-Башы айылындагы 2 кабаттуу турак үйдүн, Кара-Суу айылындагы мектептин жылытуучу отканасынын, Кара-Суу айылындагы 1 турак үйдүн, Дыйкан айылында 2 турак үйдүн, Калинин айылындагы мектептин спорт залынын, Май-Булак тилкесиндеги 1 мечиттин жана 3 турак үйдүн чатырчалары зыянга учурады. Мындан сырткары Ат-Башы районунун Терек-Суу айылында 2 бала, Ача-Кайыңды айылынан 1 тургуну, Большевик айылынын 1 тургуну, Ак-Жар айылынын бир тургуну шамалдын кесепетинен жабыр тартышып, райондук ооруканага жаткырылды.
Ош-Сары-Таш-Эркечтам жолунда унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди
Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Талдык жана Тоң-Мурун ашууларында катуу бороон болууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. "Жол...