Нарында 3 баллдык жер титирөө катталды

Бүгүн, 17-июнь күнү Нарын облусунда жер силкинди. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты.

Cаат 7:09да Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ак-Талаа районунун Коңорчок жана Кара-Бүргөн айылдарында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.