Бир нече алдамчылык фактысына шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 7-март күнү Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда 8-ноябрь күнү социалдык тармакка 50 баш тай жана 16 баш эркек кунан сатылат деп жарыялап, 11-ноябрь күнү уюлдук номер аркылуу өзүн “Нурлан” деп тааныштырган адам чалып, тайларды 27 миң сомдон, кунандарды 46 миң сомдон, айгырды 90 миң сомдон баалап, 16-17-ноябрь күндөрү “Нурлан” аттуу адамдын малчысы “Нурбек” аттуу адам келип, жалпы 47 баш тай, 16 баш кунан, 1 баш айгырын жүктөп кеткен. Жалпы малдын баасы 2 миллион 950 миң сомду эки күндүн ичинде берем деп кеткен. Банк аркылуу 980 миң сомун которуп, калган 1 миллион 115 миң сомун ушул күнгө чейин ар кандай шылтоолорду айтып бербей, азыркы күнгө чейин изин жашырып жүргөн. Аталган факты Нарын ОИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209 (алдамчылык) беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Нарын ОИИБдин кызматкерлери тарабынан 1989-жылы туулган Сокулук районунун тургуну кармалып, тергөө бөлүмүнө жеткирилди. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.