Жумгал районунун 54 жаштагы тургуну узак мезгилден бери өзүнүн 13 жаштагы кызын зордуктап жүргөн деп айыпталып жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Нарын ОИИБден билдиришти.
Аталган факты 21-сентябрда Жумгал РИИБдин электрондук каттоосуна алынып, текшерүүнүн жүрүшүндө шектүү 2010-жылы өзүнүн аялы өлтүргөндүгү боюнча сот жообуна тартылып, 2018-жылы жазасын өтөп чыкканы тастыкталган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында шектүү суракка алынган. Ал өз көрсөтмөсүндө кызы менен 2021-жылдын июль айында 1 жолу жыныстык катнашта болгондугун, буга чейин сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерин жасагандыгын айткан. Ал эми өспүрүм 2 жылдан бери жыныстык катнашта болуп келгендигин билдирген.
Азыркы учурда шектүү Жумгал райондук сотунун токтому менен эки айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.