Нарында 54 жаштагы киши 13 жаштагы кызын зордуктоого шектелүүдө. Ал аялын өлтүрүп, сот жообуна тартылган

Жумгал районунун 54 жаштагы тургуну узак мезгилден бери өзүнүн 13 жаштагы кызын зордуктап жүргөн деп айыпталып жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Нарын ОИИБден билдиришти.

Аталган факты 21-сентябрда Жумгал РИИБдин электрондук каттоосуна алынып, текшерүүнүн жүрүшүндө шектүү 2010-жылы өзүнүн аялы өлтүргөндүгү боюнча сот жообуна тартылып, 2018-жылы жазасын өтөп чыкканы тастыкталган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында шектүү суракка алынган. Ал өз көрсөтмөсүндө кызы менен 2021-жылдын июль айында 1 жолу жыныстык катнашта болгондугун, буга чейин сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерин жасагандыгын айткан. Ал эми өспүрүм 2 жылдан бери жыныстык катнашта болуп келгендигин билдирген.

Азыркы учурда шектүү Жумгал райондук сотунун токтому менен эки айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.