Нарында 2003-жылы туулган кыз милицияга чалып, “Нарын шаарынын борбордук базарынан мен тааныбаган бир адам эч себепсиз уруп-сабап жатат» деп билдирген. Аталган факты Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.
Тергөөгө чейинки текшерүү ишинин жүрүшүндө, окуя болгон жерге бөлүмдүн ыкчам тергөө тобу барганда, 2003-жылы туулган кыз 14-ноябрь күнү саат 10:40 чамасында “Чолук-Ата” соода борборунун ичиндеги банкоматтан акча алайын деп жаткан учурда кезек талашып болжол менен 30 жаштардагы эркек адам жаакка бир ирээт чаап, качса муштум менен башынын оң тарабына чаап, денесине жаракат келтиргенин айткан. Азыркы учурда, арыз ээсине карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат. Кылмышка шектүү Нарын районунун Орто-Нура айылынын тургуну 1992-жылы туулган жаран болгондугу аныкталды.
Ошондой эле социалдык тармактын колдонуучулары шектүүнүн оорулуу экенин жазып, милиция ага карата күч колдонгонун билдирген. Бул боюнча Нарын ОИИБ ага эч кандай күч колдонбогонун билдиришти.