SerepTV Logo

Нарында эркек кишини зордуктоого 4 кошунасы шектелүүдө. Кылмышка шектүүлөр кармала элек

Нарында эркек кишини зордуктоого 4 кошунасы шектелүүдө. Кылмышка шектүүлөр кармала элек
Нарында 46 жаштагы эркек кишини зордуктоого 4 кошунасы шектелүүдө. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынан маалымдашты. Милицияга тийиштүү арыз 2021-жылдын ноябрь айында түшкөн. Анда 1976-жылы туулган эркек киши төрт кошунасы тарабынан зордукталганы айтылган. Факты боюнча "Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүүлөр кармала элек. Тергөө иштери дале жүрүп жатат.
SEREP MEDIA