Нарында карындашына болушуп, ооруканага түшкөн бала. Ишти ИИМ көзөмөлгө алып, кошумча экспертиза дайындалды

Карындашын коргойм деп катуу сабалган өспүрүмдүн окуясы ИИМдин жетекчилигинин жеке көзөмөлүнө алынды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ИИМден билдиришти.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков өспүрүмгө карата мыкаачылык менен жасалган кылмыштын чоо-жайын аныктоону, аны дыкаттык менен териштирүүнү тапшырып, иликтөөнүн жүрүшүн жеке көзөмөлүнө алган.

«Бул факты тыкыр иликтенип, шектүүлөр мыйзамдын чегинде татыктуу жазаларын алышат. Иш Нарын РИИБдин Тергөө кызматынын кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмү (денеге оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. 22-июнь күнү кошумча комплекстүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Балдардын укугун коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова окуяны ИИМ көзөмөлүнө алуусун талап кылган.