Нарында облусунун Ак-Талаа районунда мыйзамсыз курал сактап жүргөн 4 адам аныкталып, 4 курал алынды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, райондо “мал уурулук” жана “көчө” аталышыдагы рейдик иш-чара уюштурулган. Анын жүрүшүндө 4 адамдан ок атуучу мылтыктар алынган. Азыркы тапта бул фактылар боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.