УКМК Нарын токой фондусунан 208,7 га жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз берүү жана ижарага берүү фактысын аныктаган. Мыйзамсыз берилген жерге салынган турак жайдын жана кошардын болжолдуу баасы 1 миллиард 168 миллион сомду түзөт. Козголгон кылмыш ишинин алкагында 208,7 гектарды түзгөн аталган жер тилкеси имараттары жана курулуштары менен бирге мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу атайын комитеттен билдиришти.
2016-жылдын июнь айында ӨКМге караштуу Токой кызматынын Нарын токой чарбасынын директору кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, келишим түзүү жолу менен атасына токой фондусунун жалпы аянты 208,7 га жер участогун 45 жылдык мөөнөткө ижарага берген.
Шектүү ошол эле жылы бул жер тилкесинде эч кандай документтери экендигине карабай үй жана кошар курган. Андан кийин өзүнүн иш-аракеттерине мыйзамдуулук берүү максатында Нарын райондук сотунун төрагасы менен кылмыштуу бүтүм түзүп, 2017-жылдын 3-апрелинде турак үйү жана курулмалары бар 356,4 м2 жер участогунун менчик ээси деп (атасын) таануу жөнүндө соттун чечимин чыгарышкан.
Андан ары ошол эле жылы соттун чечиминин негизинде, Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Нарын филиалынын кызматкери менен тил табышып, 1393,57 м2 жерге жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт алган.
Бул Нарын райондук сотунун чечиминде көрсөтүлгөн жер тилкесинин өлчөмүнөн бир топ ашып кеткен.
Бул факт боюнча «Коррупция» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, аталган токой чарбанын директору жана мамлекеттик катоо агенттигинин кызматкерине карата 27-октябрда Нарын шаардык сотунун чечими менен бир айлык мөөнөткө камакка алуу алынган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram