Кечээ, 6-февраль күнү саат 20:40 чамасында Нарын шаарында ок атылып, 1 адам мерт болду. Бул кылмышка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка карганда, Нарын ОИИБдин жана Нарын ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери шектүүлөрдүн аты-жөнүн тактоо жана кармоо боюнча ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Натыйжада, буга чейин бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган Нарын шаарынын 1996-жылы туулган тургуну кармалып, күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, ИЖ-20 үлгүсүндөгү ок атуучу куралды өз ыктыяры менен өткөрүп берди.
Ошондой эле кылмыш ишине тиешеси бар Лексус GS 300 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Нарын шаарынын тургуну 1997-жылы туулган жашоочусу кармалды.
Мындан тышкары маркум да уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.