Нарындагы арыктан 37 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды

Ат-Башы районундагы Ак-Жар айылында дренаждык арыкта эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, маркумдун 1985-жылы туулган жаран экендиги аныкталган. Куткаруучулар сөөктү чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.