Нарын шаарындагы Шералиев жана Ленин көчөлөрүндө жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иштерин текшерүү учурунда, мыйзамсыз аракеттер аныкталып, ага тиешелүү шектүүлөр кармалды.
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылымыш иши козголгон.
Кармалгандардын арасында:
— Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары С.Т;
— “Бета-Групп” ЖЧКнын аткаруучу директору М.А;
— Кыргызавтожол-Түндүк мамлекеттик ишканасынын башкы директору Ч.Б;
— 1-Жол куруу башкармалыгынын директору А.Р.
Азыркы учурда бул факт боюнча тергөө иштери улантылууда.











