Нарындагы жолду убагында бүтүрө албагандар камакка алынды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынын мурунку башчысы, журналист Нургазы Анаркулов жазды.
«Камчыбек Ташиевдин тапшырмасынын негизинде, кечээ Нарын шаарындагы Ленин жана Шералиев көчөлөрүн асфальттоо учурунда кетирилген мыйзам бузуулар үчүн тийиштүү жарандар камакка алынды. Кармалгандардын арасында транспорт жана коммуникация министринин орун басары жана “Бета групп” ЖЧКнын аткаруучу директору бар»,- деп жазды ал.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районундагы жолдордун курулушун көрүп чыгуу учурунда, Нарын шаарындагы Шералиев жана Ленин көчөлөрүн куруп жаткан компанияларга карата чара көрүүнү УКМКнын Нарын облустук башкармалыгына тапшырган.











