Нарындык тургун төшөгүнүн астына каткан акчасын таппай калган. Шектүүлөр кармалды

Жумгалда 5 уурулук фактысына шектелип өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБден билдиришти.

9-июнь күнү Жумгал районунун 1986-жылы туулган тургуну арызы менен кайрылып, 7-июнь күнү үйдө жоктугунан пайдаланып, белгисиз адамдар төшөктүн алдындагы 38 миң сом акчасын уурдап кеткенин билдирген. Аталган билдирүү Жумгал РИИБге катталып, иликтөө иштеринин жүрүшүндө жумгал районунун тургундары — 2006 жана 2005-жылы туулган шектүүлөр кармалып, күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алышкан. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө жогорудагы шектүү жарандар мындан башка дагы 4 уруулук фактысына катыштыгы бар экендиги аныкталган.