Нарындын Миң-Куш айылында жер көчкү жүрдү (сүрөт)

1-сентябрга караган түнү жааган жамгырдан улам Нарындын Миң-Куш айылында жер көчкү жүрдү. Учурда жолду ачуу боюнча иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кесепетинен унаа жолдун түзүлүшү кыйроого учурап, жол каттамы жабылып калган. Түзүлгөн жагдайды баалоо үчүн райондук жарандык коргонуу комиссиясы иш жүргүзүп жатканы айтылды.

Ошондой эле Ыраакы Миң-Куш айылына кетүүчү унаа жолунун 3-4 чакырымына катуу жааган жаандын кесепетинен жер көчкүсү активдешип, унаа жолдун 100 метр аралыгын тосуп, шагыл түшүп калган. Учурда Жумгал суу курулуш көмүр казуучу ишканасы тарабынан жолду калыбына келтирүү жумуштарын аткарылууда. Жол каттамы бир тараптуу ачылды.