Бишкектеги №1208 шайлоо участогунда добуш сатып алуу аракети болгонун тилкедеги тартипке көз салып турган милиция кызматкери кабарлаган. Анда А. аттуу жаран «НДПК» партиясына добуш топтоо максатында шайлоочуларга 1000 сомдон акча таратканын билдирген.
Бул факт боюнча Жазык кодексинин 192-беренеси («шайлоочуларды сатып алуу») менен иш козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
Тергөөнүн жыйынтыгында, шайлоо тилкесинин жанынан Равон үлгүсүндөгү автоунаадан үч жаран «добуш сатып алууга» шек саналып, кармалган. Унааны тинтүү учурунда «НДПК» партиясынын үгүт материалдары табылган. Ал эми Ю.Б. аттуу жарандын капчыгынан 18,7 миң сом, 202 доллар, 4000 рубль алынган.
Шектүүлөр милиция бөлүмүнө жеткирилген. Тергөө уланууда. Аталган партия буга байланыштуу азырынча үн ката элек.
11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Ошондой эле Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду.








