Небереси зордукталып, TikTok-блогерден төрөгөнүн айткан чоң ата. Милиция маалымат берди

Буга чейин Болот Манясов аттуу жаран 13 жаштагы небереси зордук көргөн адамдан төрөгөнүн айткан. Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май РИИБден маалымат беришти.

Маалыматка караганда, 2021-жылдын 23-ноябрында милицияга жаран кайрылып, А. аттуу жаранга чара көрүүнү суранган. Анда август айында 2008-жылы туулган небересин бир нече жолу зордуктаганын айткан. Анын кесепетинен кыздын боюна бүткөн. 23-ноябрда Жазык кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө кыздын уул төрөгөнү маалым болгон.

Кылмышка шектелип кармалган жаран жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашта болуу фактысын толугу менен четке кагып, анын катышуусун аныктоо үчүн жаңы төрөлгөн балага соттук-биологиялык экспертиза талап кылынат. Бирок бала 1 жаштан кийин гана аталыкты аныктоого болот. Учурда тергөө иштери уланууда.