Next TV каналынын директору Таалай Дүйшөнбиевдин баш коргоо чарасы 3-июлга чейин узартылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, ал 3-июлга чейин УКМКнын СИЗОсунда болот.
Аталган канал Казакстандын атайын кызматынын мурдагы башчысынын айтканына шилтеме берүү менен маалымат жарыялап, аны социалдык түйүндөрдө таратканы үчүн кылмыш иши ачылганы маалым болгон. Экспертиза бул маалыматта «улуттар аралык кастык козутуучу белгилер бар» деп тапкан. Каналдын директору кармалып, камакка алынган.










