2024-жылдын декабрь айында Лагос шаарында Нигерияда Экономикалык жана каржылык кылмыштар боюнча комиссиясы тарабынан кибер алдамчылыкка шектелип кармалган Кыргыз Республикасынын эки жараны 2025-жылдын август айында мекенине кайтарылды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо алкагында консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүп, алар менен, алардын туугандары жана адвокатты менен үзгүлтүксүз байланыш болгон. Мындан тышкары, кармалган жарандар менен жолугушууларды жана компетенттүү органдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, кырдаалды тез арада жөнгө салуу жана бошотуу үчүн Нигерияга эки консулдук сапар уюштурулган.
ТИМ жарандарды чет өлкөдөн жумушка орношуу сунуштарын кароодо этият болууга жана коопсуздук чараларын көрүүгө чакырды.








