Чүйдүн Аламүдүн районунда кыз ала качууга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 20-декабрда Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 2004-жылы туулган кыз арыз менен кайрылган. Ал 25-30 жаштагы жарандарга чара көрүүнү суранган. Себеби, 18-декабрда саат 18:00 чамасында Васильева айылында аны Volkswagen Vento унаасына күч колдонуп салып, белгисиз тарапка ала качып кеткенин билдирген. Аталган факты боюнча никеге туруу максатында ала качуу беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө, шектүүлөр кызды Маевка айылына алып барып, нике кыйдыруу үчүн молдону алып келишкени, кыз макул болбой койгондо Беловодское айылындагы үйдө кармап турганы аныкталган. Кылмышка шектүү катары 1989 жана 1994-жылы туулган жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө уланууда.
Посмотреть эту публикацию в Instagram












