Ноокатта 17 жаштагы өспүрүм асынган абалда табылды

8-март күнү милицияга Ноокат районунун Төөлөс айыл аймагынын 2007-жылы туулган тургуну каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден билдиришти.

Маалымат каттоого алынып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө окуяга тиешеси бар күбөлөр суралып, каза болгон жаран өзү жашаган үйдүн мал сарайында асынып алганын атасы көрүп калып, Тез жардам кызматына алып барганда, дарыгерлер анын каза болуп калганын билдиргендиги аныкталды.

Маркумдун жакын туугандары жансыз денени соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартып, эч кимге арыз-доосу жок экенин билдиришкен.