Ноокат районунда киши колдуу болуп каза болгон 81 жаштагы аялдын өлүмүнө шектүү катары 57 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
«Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө кылмыштын изи сууй электе кылмышка шектүү катары 57 жаштагы Ноокат районунун тургуну кармалды. 28-апрель күнү баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка калтырылды. Учурда тергөө амалдары уланууда», — дешти.
- Ноокат районунда пенсионер өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү маалым болгон. 26-апрелде Ак-Булак айылында үй өрттөнгөнү тууралуу маалымат түшкөн. Анын жер төлөсүнөн аялдын жансыз денеси табылган. Маркумдун 81 жаштагы аял экени аныкталып, денесине кароо жүргүзүлгөн учурда тактар бар экени аныкталган. Экспертиза дайындалып, күбөлөр суралган.