Ноокатта 81 жаштагы аялдын киши колдуу болушу. 57 жаштагы киши 2 айга камакка алынды

Ноокат районунда киши колдуу болуп каза болгон 81 жаштагы аялдын өлүмүнө шектүү катары 57 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

«Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө кылмыштын изи сууй электе кылмышка шектүү катары 57 жаштагы Ноокат районунун тургуну  кармалды. 28-апрель күнү баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка калтырылды. Учурда тергөө амалдары уланууда», — дешти.