Ноокатта чайхананын жанына токтотулган унаанын багажнигинен жаш жигиттин жансыз денеси табылды

Ноокат районунун Көк-Жар айылындагы «Ака-Үка» чайханасынын жанына токтотулган унаанын багажнигинен жаш жигиттин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгынан маалымат таратышты.

Маалыматка караганда, 23-май күнү милицияга Алашан айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал 21-майдан бери 21 жаштагы бир тууганы Деу-Ласетти унаасы менен чыгып кеткенден бери дайынсыз болуп жатканын айткан. Арыз менен кайрылган эле күнү чайхананын жанына токтотулган унаанын багажнигинен дайынсыз болуп жаткан жигиттин жансыз денеси табылды. Маркумдун сөөгүн сыртынан кароо учурунда анын киши колдуу болгону аныкталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Милиция кызматкерлери 21 жаштагы жигитти өлтүрүүгө шектүү катары Көк-Жар айылынын 20 жаштагы жана 17 жаштагы эки тургунун кармады. Тергөө иштери уланып жатат.