Ноокатта мал уурдаган Өзбек жараны сабалдыбы? Милициянын жообу

nezakonnoe zaderzhanie

Кечээ, 3-январда соцтармакта «Өзбекстанга мал уурдап саткан адам кармалып, эл аны байлап алып, өз алдынча сот уюштурулду” деген видео тараган. Андан бети-башы кан болго адамды жана “мал туткан адам кармалды” деген сөздөрдү угуп-көрүүгө болот. Буга байланыштуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан маалымат таратышты.

Маалыматка ылайык, окуя Ош облусунун Араван районуна караштуу Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн Керкидан айылы коңшу Өзбекстан менен чектешкен жерде кечээ, 3-январда болгон. Кыргыз-өзбек чек ара тилкесинен кармалган Өзбек жараны азыр кыргыз тарапта камакта кармалып отурат, ага соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Ага карата “мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, ал ур-токмокко алынбаганын, ал эми денесиндеги жарааттарды жыгылган учурда алганын айткан.

Бүгүн, 4-январда Керкидан айылынын тургуну милицияга кайрылып, 17-декабрда короосунан төрт баш малын уурдатканы тууралуу арыз жазды. Учурда бул кылмышка кармалган Өзбек жаранынын тиешеси бар-жогу такталууда.