Ош облусунун Ноокат районунда 13 жаштагы өспүрүм асынган абалда табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
22-февраль күнү Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө Бел айыл аймагынын тургуну үйүнүн короосунда өзүн-өзү асып каза болгондугу боюнча маалымат түшкөн. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө, маркумдун ата-энеси жана жакындары соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан. Денеге сырттан кароо жүргүзүлүп, туугандарына өткөрүп берилген. Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланууда.