Ноокатта өз унаасынын багажнигинен табылган жаш жигиттин сөөгү жерге берилди

Ноокат районунда өз унаасынын багажнигинен табылган жаш жигиттин сөөгү кечээ, 24-майда жерге берилди. Бул тууралуу Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Сатар Миңбаев билдирди.

«Маркумдун ата-энеси Орусияда эмгектенип, ал айылда чоң ата жана чоң энеси менен чогуу жашачу. Жаш жигитти өлтүрүүгө шектелип, ошол эле айылдын 20 жаштагы жана 17 жаштагы тургундары кармалган. Укканыбызга караганда, экөө тең кылган кылмышын моюнуна алышкан. Окуя кандай болгондугу тууралуу азырынча так маалымат жок. Учурда иликтөө иштери уланып жатат», — деди айыл өкмөтүнүн башчысы.

23-май күнү милицияга Алашан айылынын тургуну арыз менен кайрылып, ал 2 күн мурда 21 жаштагы бир тууганы Деу-Ласетти унаасы менен чыгып кеткенден бери дайынсыз болуп жатканын айткан. Кийин анын сөөгү «Ака-Үка» чайханасынын жанына токтотулган унаасынын табылган.