Ноокатта сел жүрүп, көпүрөнү агызып кетти

Ноокатта сел жүрүп, көпүрөнү агызып кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кечээ, 6-майда саат 19:30 чамасында Ош облусунун Ноокат районунда жааган жаандын кесепетинен сел өтүүчү каналдын суусунун деңгээли көтөрүлүп, Кулатов айыл өкмөтүнүн Абшыр-Ата айылынан өтүүчү Дөдөн — Абшыр-Ата унаа жолунун 47-чакырымында жайгашкан көпүрөнүн бир жээгин жеп, 50-чакырымында жайгашкан көпүрөнү агызып кеткен.

«Ал жерге бекемдөө жана калыбына келтирүү иш-чараларын жүргүзүгө 1 манипулятор, жергиликтүү айыл өкмөттөн 1 экскаватор тартылып, аталган унаа жолдун 47-чакырымында жайгашкан көпүрөнүн желип кеткен жерине кум-шагыл төгүп, калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.