Ноокатта табылган жансыз дене. Киши өлтүрүүгө шектелип 23 жана 19 жаштагы жарандар кармалды

Ноокатта буга чейин жансыз денеси табылган. 44 жаштагы жаран киши колдуу болгону аныкталып, шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Милиция тарабынан адам өлтүрүү фактысы менен кылмышка шектүүлѳр аныкталып жана кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алар Ноокат районунун тургундары — 23 жаштагы Н. уулу М., жана 19 жаштагы А. уулу Н., экендиги аныкталган.

5-сентябрь күнү табылган жансыз дене Өрнөк айылынын тургуну 1978-жылы туулган жаранга таандык экени аныкталып, жакындарына өткөрүп берилди.