Ноокаттагы айылда өрттөн улам 2 аял жана 2 бала көз жумду

Өрттүн кесепетинен 4 адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ӨКМге Ноокат районунун Көк-Жар айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге өрттү өчүрүүгө саат 06:50дө ӨКМдин эки өрт өчүрүүчү бөлүмү тартылган, өрт саат 09:28де чектөөгө алынган. Кырсыктын кесепетинен 2 аял киши жана 2 бала көз жумду.

Алар:

  • 41 жаштагы Ж.Г.
  • 39 жаштагы Ж.А.
  • 12 жаштагы Ж.С.,
  • 2 жаштагы Х.М.

Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.