Ноокат районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жасалма чечимдеринин негизинде, Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат жана А.Мирмахмудов айыл аймактарында жайгашкан 65 гектардан ашык жер аянтын жеке турак жай куруу үчүн айыл чарба жерлерин жер тилкелерине трансформациялоосуз жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактыларын аныкталган. Бул факты боюнча Ош облусунун Ноокат райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери, жоопкерчиликтен качуу максатында УКМКнын кызматкерлерине пара берүүгө аракет кылышкан.
2-июнда УКМК кызматкерлери тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (пара берүү) менен мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ноокат районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн башчысы жана жетектөөчү адис УКМКнын кызматкерине 200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын пара катары берип жаткан учурунда кармалышты. Кармалгандар ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.












