Издѳѳдѳ жүргѳн 1993-жылы Ош облусунун Ноокат районунда туулган жаран Орусияда кармалды. Ал 2016-жылдан бери Кылмыш-жаза кодексинин (01.10.1997 № 68 эски редакция) 155-беренесиинин (Никеге турууга мажбурлоо, никеге туруу үчүн аны ала качуу же анын никеге турушуна тоскоолдук кылуу) негизинде козголгон кылмыш ишине шектелип, издѳѳгѳ алынган.
Учурда шектүүнү Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси чечилүүдө.