Ноокенде 19 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелген жарандын ырайымсыз мамилеге туш болушу. Милиция маалымат берди

Буга чейин Кыйноолорду алдын алуу борбору Ноокендеги адам өлтүрүүгө шектелген жаран ырайымсыз мамилеге туш болгонун айтып чыккан. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден окуя боюнча маалымат беришти.

«17-ноябрь күнү саат 11:00 чамасында Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борборунун директору Бакыт Рысбеков жана өзүн Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова деп тааныштырган жаран Ноокен РИИБдин имаратына келип суткалык нөөмөттө турган кызматкерлерге 19 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелген жаран менен жолугушарын айтышкан. Бирок ал учурда шектүү РИИБдин тергөө кызматынын бөлмөсүндө тергөө амалдары жүргүзүлүп окуя боюнча кошумча сурак болуп жаткан.

Борбордун директору тергөө кызматынын бөлмөсүнө кирип, тергөө амалдары жүргүзүлүп жаткандыгын көрүп кайра чыгып кеткен, ал эми депутат РИИБдин короосунда күтүп, директор менен сүйлөшүп турганда телефонуна чалуу болуп, РИИБдин имаратынан чыгып кетип калышкан. Алардын шектүү менен жолугушуусуна эч нерсе тоскоол болгон эмес. Шектүү тергөө кызматында сурак берип жаткандыгын директор келип өз көзү менен көрүп чыгып кеткендигин РИИБдин имаратында орнотулган видео байкоолордон да көрүүгө болот.

Ал эми шектүүнүн денесиндеги жарааттары боюнча убактылуу кармоочу жайына киргизилгенге чейин РИИБдин тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилип жаткан учурда да Ноокен аймактык ооруканасынын Хирургия бөлүмүнөн көзөмөлдөн өтүп жаткан учурда денесиндеги жарааттарын дарыгерге мындан 2-3 күн мурда үйүндө жыгылып түшкөндүгүн айтып көрсөткөн.

Ошондой эле баса белгилеп кетүүчү жагдай, 15-ноябрь күнү шектүүнүн үйүнө жана үйүнүн короо жайларына Ноокен райондук сотунун токтомунун негизинде, Ноокен РИИБдин тергөө кызматы тарабынан үйү тинтүүгө алынып үйүнүн короосунан киши колдуу болгон 19 жаштагы кыздын каза болгон учурда кийип жүргөн кийимдери табылып далил буюм катары алынып, тергөөдө мыйзамдуу өкүл катары өтүп жаткан кыздын апасына кийимдерин таанытуу протоколу түзүлгөн. Ошол эле учурда саат 11:00 чамасында Ноокен РИИБдин имаратына Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун кызматкерлери келишип, Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайында кармалып турган шектүү менен убактылуу кармоочу жайынын тергөө бөлмөсүндө өз ара сүйлөшүшүп чыгышып РИИБдин короосунда каза болгон кыздын апасы Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун кызматкерлерине “Силер ушул канкорду коргоп жүрөсүңөр, мен 19 жаштагы жалгыз кызымдан айрылдым, силерде да кыз бар го. Мен акырына чейин барам” деп ачууланып сүйлөп, телефонунун камерасына тартып өз ара кайым айтышуулар болуп, кызматкерлер РИИБдин короосунан чыгып кетип калышкан.

16-ноябрь күнү Ноокен райондук прокуратурасынын тергөө кызматы тарабынан РИИБдин убактылуу кармоочу жайында кармалып турган шектүү окуя боюнча сурак берип, тергөө амалдары жүргүзүлүп, шектүүнүн денесиндеги эски жарааттары боюнча тишелүү экспертизалар дайындалган», — деп айтылат маалыматта.