Ноокенде колу-буту жип менен байланган абалда табылган жансыз дене. Окуя кызганычтан улам болгон

Милиция Ноокендеги өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү фактысынын бетин ачты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында маркумдун Өзбекстандын Наманган облусунун 38 жаштагы тургуну экендиги аныкталган. Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү фактысына шектүү катары Шамалды-Сай шаарчасынын 1987-жылы туулган 3 тургуну, 1991-жылы туулган тургуну жана Ноокен районунун 1993-жылы туулган тургуну милицияга жеткирилген. Ошондой эле бул окуя кызганычтан улам келип чыккандыгы жана жабырлануучуга карата мыкаачылык мамиле жасалып денесине оор жараттарды келтирилгендиги аныкталган. Кармалгандар камакка алынды. Тергөө уланууда.