Ноокенде үйдөн өрт чыгып, 56 жаштагы киши каза болду. Атасын куткарам деген уулу ооруканада

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Ноокенде үйдөн өрт чыгып эркек киши каза болду. Атасын сактайм деп уулу күйүк алып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 8-майга караган түнү саат 02:10дор чамасында болгон. Ноокен районундагы Момбеков айыл аймагындагы үйдөн өрт чыккан. Үйдүн жашоочусу 1967-жылы туулган жаран каза болгон. Аны куткарам деп 1993-жылы туулган баласы алган жаратынан улам ооруканага жаткырылган. Факты каттоого алынып, териштирүү жүрүп жатат.