Ноокенде үйдөн өрт чыгып эркек киши каза болгон. Атасын сактайм деп уулу күйүк алып, ооруканага жаткырылган. Бүгүн, 22-майда уулунун каза болгону маалым болду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден тастыкташты.
Кырсык 8-майга караган түнү саат 02:10дор чамасында болгон. Ноокен районундагы Момбеков айыл аймагындагы үйдөн өрт чыккан. Үйдүн жашоочусу 1967-жылы туулган жаран каза болгон. Аны куткарам деп 1993-жылы туулган баласы алган жаратынан улам ооруканага жаткырылган болчу.