Ноокенде үйдөн өрт чыгып эркек киши каза болду. Атасын сактайм деп уулу күйүк алып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 8-майга караган түнү саат 02:10дор чамасында болгон. Ноокен районундагы Момбеков айыл аймагындагы үйдөн өрт чыккан. Үйдүн жашоочусу 1967-жылы туулган жаран каза болгон. Аны куткарам деп 1993-жылы туулган баласы алган жаратынан улам ооруканага жаткырылган. Факты каттоого алынып, териштирүү жүрүп жатат.