Ноокенде үйдөн өрт чыгып, эркек киши каза болгон окуя. Атасын куткарам деген уулу да көз жумду

Ноокенде үйдөн өрт чыгып эркек киши каза болгон. Атасын сактайм деп уулу күйүк алып, ооруканага жаткырылган. Бүгүн, 22-майда уулунун каза болгону маалым болду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден тастыкташты.

Кырсык 8-майга караган түнү саат 02:10дор чамасында болгон. Ноокен районундагы Момбеков айыл аймагындагы үйдөн өрт чыккан. Үйдүн жашоочусу 1967-жылы туулган жаран каза болгон. Аны куткарам деп 1993-жылы туулган баласы алган жаратынан улам ооруканага жаткырылган болчу.