Ноокенде үйдөн өрт чыгып, эркек киши көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык Коминтерн айылындагы Койлубаев көчөсүндө катталган. Жыгач устундуу шифер менен жабылган үй толугу менен күйгөн. 1973-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылган жана Тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген. Өрттүн себеби такталууда.