«Нөөмөттөгү кызматкер үлгүрбөй калган». Таластагы убактылуу кармоочу жайда 28 жаштагы жигит өмүрүн кыйды

Бүгүн, 31-октябрь күнү саат 13:30 чамасында Талас ОИИБдин убактылуу ​кармоочу изоляторунан ​Жазык кодексинин 37, 122-беренеси ​(адам өлтүрүүгө аракет кылуу) менен шектүү болуп кармалган Талас шаарынын 1994-жылы туулган тургуну  камерада өзү кийип жүргөн футболкасына асып каза болду. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, нөөмөткер анын өмүрүн сактап калууга үлгүрбөй калган. ОИИБдин ыкчам тергөө тобу, медицина кызматы жана прокуратура органдары жеринде текшеришти. ​Аталган факты Талас ОИИБдин маалыматтарды эсепке алуу электрондук журналына катталып, текшерүү ​жана кызматтык иликтөө иштери жүрүп жатат.