Abank_june
SerepTV Logo

Нөшөрлүү жаандан улам Ысык-Көл районунда суу каптоо жүрдү

Нөшөрлүү жаандан улам Ысык-Көл районунда суу каптоо жүрдү

Кечээ, 1-июлда саат 19:35 чамасында Ысык-Көл районундагы Чолпон-Ата шаарында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Арал каналында суунун деңгээли көтөрүлүп, жээгин жеп, бетон чыгаруучу заводдун аймагын каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жеринде Ысык-Көл райондук РМАнын башчысы - аким, Чолпон-Ата шаарынын мэри абалды көзөмөлгө алып, ѲКМден, Жарандык коргонуу кызматтарынан, Бетон завод ишканасынан, Чайна Роуд ишканасынан жалпы 6 техника тартылып, суунун нугун буруу иши жүргүзүлүүдѳ.

Саат 20:50 чамасында жааган жаандын кесепетинен, жаандын суусу Талас көчөсүндөгү 1 турак үйдүн жертөлөсүнө кирген жана "Арча Макс" конок үйүнүн короосун суу каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Чолпон-Ата шаардык № 31 ӨКБдан 6 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар турак үйдүн жертөлөсүнө кирген суунун мотопомпа менен сордуруп беришкен. Ошондой эле конок үйдүн суу каптоодон коргоо иши жүргүзүлдү.

Саат 23:40 чамасында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен суунун деңгээли көтөрүлүп, "Лукаморье" эс алуучу жайдын имаратынын ичине суу кирип жатат деген маалымат түшкөн. Жерине Чолпон-Ата шаардык № 31 ӨКБдан 7 куткаруучу тартылган. Ал эми Тартылган техниканын жардамында суунун нугун буруп, жээктерди бекемдөө иштери жүргүзүлгөн. Куткаруучулар "Лукаморье" эс алуучу жайынан жалпы 24 адам эвакуацияланып, жакын жайгашкан конок үйлөрүнө жайгаштырылган. Жеринде Чолпон-Ата шаарынын коммуналдык-техникалык кызматынан 1 экскаватор нөөмөткө коюлган. Жабыркагандар жок.

1-июль күнү Ысык-Көл районунун аймагында нөшөрлүү жаандан улам райондун бир катар айылдарында каналдарга суу батпай, суу каптоо жүрдү. Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмазбек Асанов абалды көзөмөлгө алууда. Алсак, Чолпон-Ата шаарында 1-июль күнү саат 19:35 чамасында жааган нөшөрлүү жаандын кесепетинен Биджай кичи районундагы Арал сайында суунун деңгээли көтөрүлүп, "ТНК Бетон" чыгаруучу заводдун аймагын жана жатаканаларын суу каптаган. Суу каптоонун кесепеттерин жоюу максатында жерине ӨКМден жана Жарандык коргонуу кызматтарынан 7 инженердик техника тартылып, саат 21:30 суунун нугу бурулган. Мындан тышкары саат 20:50 чамасында Чолпон-Ата шаарынын Талас көчөсүндөгү 1 турак үйдүн жертөлөөсүнө суу кирип, куткаруучулар мотопомпа менен сордуруп беришкен. Шаардагы "Арча Макс" конок үйүнүн короосун суу каптап, жерине 6 куткаруучу тартылып, жертөлөөсүнөн суу сордурулуп, кооптуулук жоюлган.

Райондун Чок-Тал айылында саат 19:35 чамасында жааган жаандан улам Чок-Тал сайындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, сайдын жээгин жеп кеткен. Жерине Шайбек-Ата айыл аймагынын айыл өкмөтүнөн 2 экскаватор тартылган