Кечээ, 14-июнда Орусиянын Новосибирск шаарында жайгашкан автогаз бекетинде жарылуу болуп, кеминде 26 адам жабыркады. Алардын арасында 3 Кыргыз жараны да бар. Жарылуу кыргыздар тыгыз жашаган жерге жакын жерде болгон. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Новосибирск облустук клиникалык ооруканасында жаракат алган бейтаптар ооруканага жаткырылган. Ош облусунун Кара-Суу шаарында 1968-жылы туулган бейтап денесинин 20 пайызга жакынын күйүк алган. Анын абалы туруктуу жана керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Экинчи жаран, Ош облусунун Өзгөн районунда 2001-жылы туулган бейтап денесинен күйүк алган (болжол менен 5 пайыз), ага керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө чыгарылды. Үчүнчү жаранга келсек, Ош облусунун Чоң-Алай районунда 1988-жылы туулган бейтап болжол менен 7 пайыз күйүк алган. Ал окуя болгон жерден нес абалында кетип калган, кийин ал Башкы консулдуктун кызматкерлери менен байланышып, алардын жардамы менен ооруканага жеткирилген.
«Ошондой эле, өрттүн жана жарылуунун натыйжасында Кыргыз жараны ижарага алган кафе жана Кыргыз жараны иштеген дөңгөлөктөрдү орнотуучу жай талкалангандыгы аныкталды. Алар чукул түрдө кырсык катталган жерден чыгып кетүүгө үлгүргөн. Алардын биринин паспорту күйүп кеткен, Башкы консулдук кыска убакыттын ичинде жаңы документ берүү үчүн тийиштүү чараларды көрөт”, — деп билдиришти Тышкы иштер министрлигинен.









