Милиция кызматкерлери барган учурда Ново-Покровка айылында жайгашкан үйлөрдүн биринин бастырмасынын артына курулуш иштерин жүргүзүп жаткан жерден адамдын сөөгү чыкканына күбө болушкан. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан бул сөөктүн аты-жөнү такталып, ал 2021-жылдын декабрь айынан бери дайынсыз жоголуп издөөдө жүргөн 1977-жылы туулган жаран болуп чыккан.
Кыздын кашын, чачын алып кыйнашкан. Кылмышка шектүүлөр кармалды
Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматына Ош облусунун 1988-жылы туулган М.К.аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2026-жылдын 8-январдан 9-январга караган түнү 23:30...










