Аламүдүн районунун Новопокровка айылында унаанын чинен баңгизат чыкты. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан маалымдашты.
Маалымат боюнча, кечээ, 2-июнда болжол менен саат 14:30 чамасында №3 мекемесинин ыкчам бөлүмүнүн кызматкерлери жана Чүй облусунун Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Новопокровка айылында жайгашкан №3 мекемесине караштуу аймактан ак түстөгү Хонда Фит унаасы токтотулуп, текшерилген. Унаанын ичинен болжол менен 180 грамм салмактагы баңгизаты табылган. Кармалгандар Бишкек шаарынын 1994-жылы туулган жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун 1973-жылы туулган тургундары болгон.
Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кармалган жарандар, топтолгон материалдар жана буюм далилдер Ысык-Ата райондук милициясына өткөрүп берилди.










