«Novotel» мейманканасындагы жалын өчүрүлдү. Өрттүн болжолдуу себеби белгилүү болду

Бишкектеги «Novotel»  мейманканасында чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Урмат Сариевдин айтымында, өрт тууралуу чакыруу саат 15:43тө түшкөн. 8 мүнөттөн кийин окуя болгон жерге биринчи бөлүм барган. 

«Өрт саат 16:12де чектөөгө алынып, саат 16:47де толугу менен өчүрүлдү. Күйүү аянты 50 чарчы метрди түзгөн. Алдын ала себеп катары, электр зымдарынын кыска туташуусу болгон. Жабыркагандар жок, материалдык чыгым такталууда», — деди ал. 

Мейманкананын башкы менеджери Род Лефлердин айтымында, өрт имараттын фасадында жайгашкан кабелдин кыска туташуусунан келип чыккан.