Мотуевдин үстүнөн арыз жазган келин: «Ал биринчи аял кылам деген»

7-февралда Бишкектин Свердлов райондук милициясына Нурлан Мотуевге карата арыз түшкөнүн билдиришкен. Маалыматка караганда, кыз өз арызында өткөн жылдын август айында ал үйүнө алдап алып келип, жыныстык катнашка барганын билдирген. Факты каттоого алынып, экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери башталган болчу. Өзүн жабырлануучу катары тааныштырган Эсфирь Касымова дал ошол окуя боюнча редакцияга кайрылып, айтып бере турганы бар экенин билдирди.

«Мотуев мага чалып, жазып жүрдү. Үйүмдө оңдоо иштерин жүргүзүп жатам, жыйнашып кой деп чакырган. Ал учурда анын аялы барбы, үй-бүлөсү барбы билген эмесмин. Мен жеткирип берүүдө иштечүмүн. Ар ким ар кандай жүк ташып, унаамдын ичи жыттанып калат. «Аябай сасык кыз турбайсыңбы, душка кирип алчы» деп, эркекчилик кылды. Мен арызды ошол учурда эле жазмакмын. Ошондон кийин мага «жаккан жоксуң» деди. 6 айдан кийин кайра мага чалды. «Мен сени мурда экинчи аял кылам десем, азыр биринчи аял кылам» деп чалды. Кийин анын чалганын аялы көрдү», — деди ал.