Оберон «Дордой» жана Оберон «Орто-Сай» базарларынын аймактары мамлекеттин кирешесине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан Бишкек шаарынын аймагындагы жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелерин кайтарып алуу иштеринин жүрүшүндө «Оберон» ЖЧКсы тарабынан укук белгилөөчү документтерди мыйзамсыз алуу фактысы аныкталган. Жер тилкелерин мыйзамсыз сатып алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, «Оберон» ЖЧКсы тарабынан «Дордой» (өлчөмү 6,42 га) жана «Орто-Сай» (өлчөмү 1,68 га) базарларында жайгашкан жер тилкелери ээлеп алынгандыгы такталган.
Тактап айтканда, «Оберон» ЖЧКсынын ээлери тарабынан 1998-жылы аталган жер участоктору убактылуу пайдаланууга алынган, буга карабастан «Оберон» ЖЧКсы тийиштүү кызмат адамдары менен сүйлөшүп, жогоруда аталган базарларга жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды мыйзамсыз алышкан.
Кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти тарабынан мыйзамсыз берилген токтомдорду жараксыз деп табуу үчүн административдик доо жөнөтүлгөн. Ошентип, Бишкек шаарынын административдик жана шаардык сотунун кабыл алган чечимине ылайык, аталган базарлар Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берилди.
Муну менен наркы 3 миллиард 889 миллион 563 сом, жалпы аянты 8,1 га жер тилкелери мамлекеттин пайдасына кайтарылды. Келечекте аталган базарлардан түшкөн киреше Бишкек шаарынын бюджетине түшөт.