«Ок аткан жаран мас болгон». Жалал-Абадда дарыгерлер ажалдан сууруп алган жарандын окуясы

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат таратып, Жалал-Абаддагы нейрохирургдар башына ок тийген жаранды сактап калышканын билдиришкен. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Жалал-Абад облустук милициясынан адамга атылган ок боюнча маалымат алдык.

Маалыматка караганда, 8-февраль күнү саат 17:30 чамасында Базар-Коргон РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу болуп, анда Бешик-Жон айыл аймагында 1975-жылы туулган жаранды 1961-жылы туулган айылдашы курал менен сол көзүнө атып жибергендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты боюнча Базар-Коргон РИИБдин тергөө-ыкчам тобунун кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагынын 1961-жылы туулган тургуну кармалган.

Кармалган шектүүдөн далил буюм катары травматикалык тапанча, 1 даана магазин, 4 даана травматикалык ок жана травматикалык тапанчадан атылган абалдагы гильза табылып алынган. Бул факты боюнча топтолгон материалдар Базар-Коргон РИИБдин Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ошондой эле шектүүнү медициналык кароодон өткөргөндө спирт ичимдигин ичкендиги жана мас абалында экендиги аныкталган. Кылмыш ишине шектелген жаран 2020-жылдын май айынан тартып күзөт агенттиктеринин биринде иштей тургандыгы такталган. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.