ӨКМ: «Дмитриевкадагы террористти кармоо учурунда үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү»

Бүгүн, 17-майда саат 08:21де Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылындагы Совет көчөсүндө ИИМдин жана УКМКнын атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери куралдуу террористти кармоо операциясын өткөрүштү. Аны кармоо учурунда террорист катуу куралдуу каршылык көрсөтүп, натыйжада ал жашап келген үй өрттөнгөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине саат 08:21де Ысык-Ата райондук №27 ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп тартылган. Абал кооптуу болгондуктан күч структураларынын атайы операциясы аягына чыккандан кийин өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоону саат 12:28де толук өчүрүштү. Өрт кырсыгынын кесепетинен 303 чарчы метр жеке турак жай толугу менен күйгөн.